Баткенде 3 жаран курал сактоо эрежесин бузган
Бул тууралуу облусттук милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, «Арсенал» аталышындагы иш чаранын жүрүшүндө 47 жарандын ок атуучу куралдарынын документтери текшерилди. Анда 47 жарандын ичинен үч адам курал сактоо эрежелерин бузган. Милиция аларга карата укук бузуулар кодексинин негизинде протокол толтурду. Иш чарада бир жаран өз каалоосу менен ок атуучу куралын тапшырган.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт